"Бишкекжарык" муниципалдык ишкана шаардын көчөлөрүндөгү жарыктандырууну оптималдаштырууда жана ошол эле убакта шаардын санитардык постторун жарыктандыруу менен жабдууда.

Биз Манас проспектисинин жана Рыскулов көчөсүнүн кесилишиндеги "Океан" дүкөнүнүн маңдайындагы жөө жүргүнчүлөр зонасында жаңы жарык чырактарын орнотууну аяктадык.

20 жарык диоддуу шам чырактар, торшердик түркүктөр орнотулду, ошондой эле жер астынан 500 метр кабелдик линия өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, саркеч торшердик мамылар жоон темирден ишкананын цехинде жасалган. Толкундардын, дельфиндердин, парустардын оймолорун Бишкекжарыктын кызматкерлери өз колдору менен жасашты.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!