Шаар ишин улантууда. Ар бир шаардык үчүн үй карантини мүмкүн болушунча тынч өтсүн деп, коммуналдык кызматтар, райондук администрациялар бардык аракеттерин жумшоодо.

Кандайдыр бир суроолор же өзгөчө кырдаалдар болгон учурда, кайрылуу үчүн, пайдалуу номурларды калтырабыз. Бизге чалыңыздар! Биз дайыма байланыштабыз.

Турак-жай коммуналдык чарба маселелери боюнча, акимдердин орун басарлары жооп берүүгө даяр:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) - 0550 997 927;
- Турсалиев Алмаз Джакыпбекович (Октябрь району) – 0 772 192 074;
- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) - 0555 666 096;
- Мырзакматов Садык Токтосунович (Свердлов району) — 0551 571823

Үй алдындагы участокторду санитардык тазалоо маселелери боюнча: 344753 – Свердлов району, 345041 – Ленин району, 345113 – Биринчи май району, фото-видео фактыларын WhatsApp: 0555827028, Октябрь районунун WhatsApp номуру: 0777956600.

Белгилей кетсек, “Бишкекжашылчарба” ишканасынын кызматкерлери сынган бак-дарактарды жолдордон, тротуарлардан тазалоо иштерин улантууда, ошондуктан, эгерде сизкулаган бак-дарактарды көрсөнүз, 0770 830006 номуруна билдирүүңүздү суранабыз.

Эгер cуу маселеси боюнча ар кандай кыйынчылыктар жаралса, "Бишкексууканал" ӨЭБсына төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар:

- “Бишкексууканал” ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;
- Үй ичиндеги туйүндөр боюнча суроо-талаптар үчүн байланыштар: 54-42-45, 54-42-44;
- Сырткы түйүндор боюнча арыздарды кабыл алуу: 44-95-97, 44-96-45.
- “Бишкексууканал” ишканасынын 0770 838 458 Whatsapp номуру аркылуу сүрөт жиберсеңиздер болот.

Шаардыктардын үйлөрүндөгү электрэнергиясына жана жылуулук менен камсыздалышына "Түндүкэлектр" ААКсы жооп берет. Күнү-түнү байланыш борбору: 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209.

Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.

“Бишкекгаз” филиалынын авариялык-диспетчердик кызматы: 104, 43 71 69, 53 01 58

"Бишкекжылуулуктармагы" ААКнун кардарларынын колдоо борбору 1980, 611169. Шаардыктарды жылуулук менен камсыздай турган "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын 490086 номуру иштейт

Лифт бузулган учурда 437848, 0553658179 телефон номурларына чалыңыздар.

Сүйүктүү бишкектиктер! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар! Үйдө болуңуздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!