Быйыл, шаардыктар Пасха күнүн 19-апрелде белгилешет.

Бишкек жана Кыргызстандын епархия башкармасы Пасхалык сыйынуу иш-чаралар, Бишкек шаарынын Свято-Воскресенский кафедральный собордо өтө тургандыгын билдирди.

Коопсуздук үчүн пасхалдык сыйынуу, жабык эшик артында өтөт. Иш-чарага 5 гана киши катышат: үч дин кызматкери жана хордун эки ырчысы. Епархиянын билдириши боюнча, иш-чара бардык санитардык коопсуздук ченемдеринин сактоосу менен өткөрлөт.

Шаардыктар үчүн сыйынуу Бишкектик епархиянын инстаграмдагы расмий баракчасы @pravoslaviekg аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт, эфир 18-апрелде, болжол менен саат саат 23:30да башталат.

Ошондой эле, көрүстөнгө баруудан убактылуу баш тартып, арбактарды үйдөн эскерүүнү суранабыз. Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыздар.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!