Райондук штабдар көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана пенсионерлерге гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча күчөтүлгөн ишти улантууда. Биз абдан муктаж болгон тургундарды камтууга аракет кылуудабыз, ошондуктан бөлүштүрүү тизме жана арыздар боюнча өз кезеги менен жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы үч багыт боюнча жардам көрсөтүүдөбүз: райондук социалдык коргоо башкармалыгынын, ата мекендик жана чыгыш кайрымдуулук фонддордун колдоо багыттары боюнча, ошондой эле борбордун ишкерлери тарабынан түзүлүп жаткан азык-түлүк себеттерин таркатуу багыты.

Бүгүнкү күндө муктаж болгон үй-бүлөлөргө  6 миң кап ун таркатылып, араб кайрымдуулук фонддорунун багыты боюнча 8 миң шаардын тургуну азык-түлүк себетин алышты, жардам көрсөтүү уланууда, жалпы 14 миң адамгуманитардык жардам алат.

Жергиликтүү кайрымдуулук фонддор жана ишкерлер 20 миң азык-түлүк топтомдорун даярдап, бөлүштүрүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, борбордогу социалдык коргоо башкармалыгынын каттоосунда 16 миң 725 шаар тургундары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаңдар, ДМЧ адамдар, жетим, жарым жетим, жесирлер, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрү, Афганстандагы согуш аракеттеринин катышуучулары бар.

Шаардыктарды колдоо максатында борбордук муниципалитет "Өнөктөш Кей Джи" компаниясы менен келишим түздү, ал азык-түлүк топтомдорун даярдап берет, гумжардамдарга жергиликтүү бюджеттен 6 миллион сом бөлүнгөн. Райондук администрация башчылары аксакалдар менен жаңы конуштарда жана кварталдарда биргеликте бөлүштүрүү процессине активдүү катышып жатышат.

Мындан тышкары мэриянын, шаардык кызматтардын жана башка жеке компаниялардын кызматкерлери өз демилгеси менен каражат чогултуп, жардам көрсөтүшүүдө.

Урматтуу ишкерлер, уюмдар жана фонддор! Кыйынчылык убаккытта баа жеткис жардам көрсөткөнүңүздөр үчүн рахмат, биз биргеликте бул ооруну жеңебиз! 70 миңге жакын шаардыкты колдоону пландаштыруудабыз.

Урматтуу шаардыктар! Эгер жардам керек болсо, райондук штабдарга чалып же WhatsApp номуруна жазыңыздар. Кошуналарыңыз менен маалымат бөлүшүңүздөр.Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833; 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324;

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!