Шаар ишин улантууда. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын түндүк бөлүгүндөгү Профсоюзный көчөсүн жашылдандырууга киришти.  

Бүгүнкү күндө Патрис Лумумба көчөсүнөн Кайназаров көчөсүнө чейин 72 мажүрүм тал, 93 Клен көчөттөрү отургузулган. Бишкектиктерди эсинде болсо, мурда бул аймакта пландоо иштерин жүргүзгөнбүз, өсүмдүктүн топурагын алып келинген.

Ал эми кышкы отургузуу мезгилинде "Бишкекжашылчарба" Профсоюзный көчөсүн бойлой, көчөнүн бөлүүчү тилкесине 400дөн ашык арча көчөтүн отургузган.

Белгилей кетсек, бардык көчөттөр Бишкекжашылчарбанын өз питомнигинде өстүрүлгөн.

Жашылдандыруу план боюнча уланууда.

Бишкек- сүйүктүү жашыл шаарыбыз!