Бишкек шаарынын "Дордой" жаңы конушундага №18 айылдык кеңешиши, жашоочулар аралыкты сактоо менен, кол кап жана бет кап тагынышып кезекте турушат.

Бүгүн райондук соцкоргоо башкармалыгында каттоодо турган жашоочуларга, жаңы конуштун администрациясында азык түлүк таратылат, Свердлов районунун акими Мурат Осмонов баштыктарды бөлүштүрүү жана таркатуу процессин аткарууда.

"Дордой-1" жаңы конушунда 300 баштык, "Дордой – 2"де 100 баштык, ошондой эле "Ак-Бата"нын тургундары да топтомдорду алышкан.

“Дордой-1” конушунун №67 кварталдык комитетинин  төрагасы Кудайберди Садыркуловдун айтуусу боюнча, азыктардын бирдей жана натыйжалуу бөлүштүрүлүшү үчүн, МАБдын кызматкерлеринен, аксакалдардан жана кайдыгер эмес жарандардан  турган атайын комиссия иштейт.

"Бизде муктаж болгондордун тизмеси бар, эгер кошумча колдоо келсе, гумжардамдарды жаңы тизме боюнча таратабыз, мисалы шаарда каттоосу жок жаранга жардам беребиз жана убактылуу ишсиз үйдө отурганга, үйлөрүнө чейин азыктар жеткирилет", - деп белгиледи.

Эскерте кетсек, борбордогу соцкоргоо башкармалыгынын каттоосунда 16 миң 725 шаар тургуну, ар бир райондо 4 миң 200 адам, жакыр үй-бүлөлөр, жалгыз бой улгайгандар, жалгыз бой карылар, ДМЧ адамдар, жетимдер, жарымжетимдер, жесирлер, апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрү, Ооганстандагы согуш аракеттеринин катышуучулары жана майыптары бар.

Шаардыктарды колдоо максатында борбордук муниципалитет "Өнөктөш Кей Джи" компаниясы менен келишим түздү, ал азык-түлүк топтомдорун даярдоодо, гумжардамдарга жергиликтүү бюджеттен 6 миллион сом бөлүнгөн.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!