Биринчи май районунун башчысы Алибек Биримкулов райондун активине гуманитардык жардамдын көлөмү боюнча отчет берди.

Кварталдык жана үй комитеттердин төрагалары, аксакалдар жана МАБдын кызматкерлери менен гуманитардык жардамды таркатуу процессин жакшыртуу жана тездетүү ыкмаларын, жардамга муктаж болгон шаардыктардын жаңы тизмелерин түзүүнү талкуулашты.

Аким кийинки этапта социалдык коргоо башкармалыгында каттоого алынбаган, негизинен шаардык каттоосу жок үй-бүлөлөргө жардам бериле турганын белгиледи.  

Район боюнча 12 миң 667 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, анын ичинен бир жарым миң үй-бүлө Мамматрезервдер фондунан бир каптан ун алышты, 3 миң 712 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомдор таратылды, 2 миң 224 үй-бүлөгө коомдук жана кайрымдуулук фонддор тарабынан колдоо көрсөтүлдү, 4 миң 207 үй-бүлө жеке менчик ишкана жана уюмдардан азык-түлүк алышты.

Эсиңиздерге салсак, Свердлов районунда - 13 миң 857 үй - бүлө, Биринчи май районунда - 12 миң 667 үй - бүлө, Октябрь районунда-8 миң 135 үй-бүлө жана Ленин районунда 13 миң 211 үй-бүлө колдоого алынган.

Бүгүнкү күндө район боюнча азык-түлүк жардамына дагы 11 миң 784 үй-бүлө муктаж, биз жакынкы аралыкта азык-түлүктөрдү жеткирип беребиз.

Урматтуу шаардыктар! Эгер сиздерге жана кошуналарыңыздарга жардам керек болсо райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!