Күн сайын коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө шаарга жардам берүүнү каалаган жеке менчик кайрымдуулук каражаттардын, уюмдардын жана фонддордун салымдарынын көлөмү өсүүдө. Кыргызстандыктар шаардыктарга жардам бериш үчүн биригишти.

Кыргызстандагы "Бишкек Тойота Борбору", «Лексус Бишкек», KIA Motors жана "Автоцентр Эстокада" унааборборлору Бишкек шаарынын мэриясынын таажывирус илдети менен күрөшүү боюнча атайын эсебине каражат которушту.

"Бишкек Тайота Борбору" жана "Лексус Бишкек" атайын эсепке 500 миң сом, "Автоцентр Эстокада" (BMWнин расмий өкүлү) - 250 миң сом жана KIA Motors  150 миң сом которушту.

Каражат зарыл болгон коргоочу буюмдарды, көз айнек, мээлей, шприцтер, антисептик жана башка дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жумшалат.

Эскерте кетсек, "Бишкек тойота Борбору" 2012-жылдын баштап, TOYOTA ишканасынын Кыргызстандагы расмий дилери болуп саналат,"Лексус Бишкек" — өлкөдөгү Lexus премиум- унаалардын биринчи дилердик борбору, KIA Motors – түштүккореянын унаа брендинин расмий дистрибьютору, ал эми "Эстокада Унааборбору" BMWнин Кыргызстандагы расмий өкүлү болуп эсептелет, премиалдык сегменттеги унаалардын биринчи импорттоочусу.

Бишкек шаарынын мэриясы татаал мезгилде, шаар үчүн колдоо көрсөткөн ишкерлерге ыраазычылык билдирет.

Эскерте кетсек, шаардыктарды жана борборду вирустуу инфекциядан коргоо үчүн ыктыярдуу жыйымдар боюнча бирдиктүү эсеп ачылган. Атайын эсептен каражаттарды пайдалануу боюнча чечимдер коллегиалдуу кабыл алынат!

Атайын эсеп: 4402061213012249

ИНН: 01710199610068

БИК: 440001

Төлөм коду: 14411100

Толук маалымат: 0777 119771, 0755 00177

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!