Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов окуучуларды Билим күнү жана жаӊы окуу жылы менен куттуктады.


«Урматтуу балдар! Кымбаттуу ата-энелер жана мугалимдер! Сиздерди Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм. Билими күчтүү миӊди жыгат дегендей, силер талыкпай окуп, иштегиле. Окууӊарга ийгиликтерди каалайм»,-деди мэр.


Андан кийин Кубанычбек Кулматов сөздү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге берди. «Урматтуу менин жаш досторум, мугалимдер жана ата-энелер! Сиздерди Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге ден соолук, бактылуулук жана ийгиликтерди каалайм! 1-сентябрь өзгөчө күндөрдүн бири. Биз Билим күнүн өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнөн кийин майрамдайбыз».


Президент куттуктоосунан кийин гимназияга мультимедиялык жабдууларды, 12 комплект компьютердик жабдууларды жана көркөм адабияттарды тапшырды.


Салтанаттуу линейканыны соӊунда биринчи коӊгуроо кагылды.