Мэрия көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлугү чектелген жарандарга жана пенсионерлерге жардам берүүнү улантууда.

Шаардык мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын командасы ижарачы-ишкерлер менен биргеликте, Свердлов районунун тургундарына миңден ашуун азык-түлүк топтомун таратышты.

Жер ресурстары башкармалыгынын кызматкерлери да, 2 500дөн ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк  топтомдорун уюштурушту. Мурда башкармалыктын кызматкерлери ишкерлер менен биргеликте 15 тонна азык-түлүктү чогултушкан. Белгилесек, гуманитардык жардам катары райондук штабдарына, штабдардын колл-борборуна, социалдык тармактарга жана ЖМКга келген калктын арыздары боюнча, МАБдар тарабынан түзүлгөн тизме менен таратылып берилген.

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, муниципалитет, кайрымдуулук фонддор жана борбордун жеке ишкерлеринин көмөгү менен жардамды көбөйтүп жатабыз.

Кыргызстандыктар! Биз сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Мындай татаал мезгилде мекендештерге көмөк көрсөтүү баа жеткис жардам, биз бирге пандемияны жеңебиз !

Урматтуу шаардыктар! Өтунөбуз! Эгер  сиздерге, же кошуналарыңызга жардам керек болсо, райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!