Мэрия көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлугү чектелген жарандарга жана пенсионерлерге жардам берүүнү улантууда.

Бүгүнкү күндө 55 миң 717 үй-бүлөгө, же 139 миң 292 адамга колдоо көрсөтүлдү.

Алардын ичинен 6 000 үй-бүлө КРнын өкмөтүнөн, 9 204 үй-бүлөгө жана апрель революциясында кайтыш болгондордун 137 үй-бүлөсүнө араб фонддорунан, 20 681 аз камсыз болгон үй-бүлөгө борбордун ишкерлери жана ата мекендик фонддордон, 16 128 үй-бүлөгө шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражаттан, республикалык штабдан жардам көрсөтулүп, азык-түлуктөр жеткирилди, ошондой эле Чүй облусу менен чектешкен  «Ала-Арча», «ТЭЦ-2», «Жер Ынтымагы», «Селекционное», «Ак Ордо-2», «АкОрдо-3», «Ак Жар» жана «Адилет» жаңы конуштарынын 3000ге жакын тургунуна гуманитардык колдоо көрсөтүлдү.  

Бүгүнкү күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан даярдалган 30 миң себет таратыла баштады. Бир топтомдун баасы 1 208,86 сомду түзөт.

Гуманитардык жардамды алган шаардыктардын тизмеси "Түндүк"  мамлекеттик системасынын "1227"порталында катталат.

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, муниципалитет, кайрымдуулук фонддор жана борбордун жеке ишкерлеринин көмөгү менен жардамды көбөйтүп жатабыз.

Кыргызстандыктар! Биз сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Мындай татаал мезгилде мекендештерге көмөк көрсөтүү баа жеткис жардам, биз бирге пандемияны жеңебиз !

Урматтуу шаардыктар! Өтунөбуз! Эгер  сиздерге, же кошуналарыңызга жардам керек болсо, райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!