Мэрия көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлугү чектелген жарандарга жана пенсионерлерге жардам берүүнү улантууда.

Бүгүн жашоочуларга колдоо көрсөтүүгө Свердлов районунун башчысы Мурат Оспановго UWW грэпплинги боюнча дүйнө чемпиону Абдурахман Муртазалиев кошулду. Спортчу өз демилгеси менен, жашоочуларга жардам берүүнү каалагандарды чогултуп, шаардын четиндеги "Келечек", "Дордой-1" конуштарынын үй-бүлөлөрүнө 300 азык-түлүк себетин даярдаган. Спортчу жашоочуларга тамак-аш  менен чогуу моралдык да колдоо көрсөттү.

Бишкек шаарынын мэриясы Абдурахман Муртазалиева жана ар бир кайдыгер эмес жаранга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет! Мындай татаал мезгилде мекендештерге көмөк көрсөтүү баа жеткис жардам, биз бирге пандемияны жеңебиз !

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, муниципалитет, кайрымдуулук фонддор жана борбордун жеке ишкерлеринин көмөгү менен жардамды көбөйтүп жатабыз.

Урматтуу шаардыктар! Өтунөбуз! Эгер  сиздерге, же кошуналарыңызга жардам керек болсо, райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!