Таажывирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө шаарга жардам берүүнү каалаган жеке ишканалардын, уюмдардын жана фонддордун саны күн сайын көбөйүүдө.

Бүгүн "Акнет " ишканасы Ленин районунун жашоочуларын колдоп, 70 ке жакын азык-түлүк себетин таратып чыкты. Андан соң, Свердлов районунундагы "Дордой" конушунун муктаж болгон үй-бүлөлөрүнө 30 себет жеткизишти.

Акнетчилер жалпы 750 миң сом бөлүп берип, муктаж болгон 500гө жакын үй-бүлөнгө жардам көрсөттү.

Эске салсак, "Акнет" ишканасы Кыргызстандагы МКТ (маалыматтык-коммуникациялык технологиялар) рыногунда 1998-жылы пайда болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы оор мезгилде колдоо көрсөткөндүгү үчүн, “Акнет” ишканасына  чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, муниципалитет, кайрымдуулук фонддор жана борбордун жеке ишкерлеринин көмөгү менен жардамды көбөйтүп жатабыз.

Урматтуу шаардыктар! Өтунөбуз! Эгер  сиздерге, же кошуналарыңызга жардам керек болсо, райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!