Кыйын мезгилде жаныңыздарда болуу эң мыкты колдоо. Мэрия көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлугү чектелген жарандарга жана пенсионерлерге жардам берүүнү улантууда.

Биз жалпы 60 миң 52 үй-бүлөгө, анын ичинен 14 миң 903 Ленин районунун, 12 миң 313 үй-бүлө Октябрь районунун, 16 миң 293 үй-бүлө Биринчи Май районунун, 16 миң 406 Свердлов районунун үй-бүлөлөрү. Ошондой эле азык-түлүк себеттерин 137 Апрель революциясында курман болгон катышуучулардын үй-бүлөсү алышты.

Гуманитардык жардамды алган шаардыктардын тизмеси "Түндүк"  мамлекеттик системасынын "1227"порталында катталат.

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, муниципалитет, кайрымдуулук фонддор жана борбордун жеке ишкерлеринин көмөгү менен жардамды көбөйтүп жатабыз.

Кыргызстандыктар! Биз сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Мындай татаал мезгилде мекендештерге көмөк көрсөтүү баа жеткис жардам, биз бирге пандемияны жеңебиз !

Урматтуу шаардыктар! Өтунөбуз! Эгер  сиздерге, же кошуналарыңызга жардам керек болсо, райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!