Биз шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди улантуудабыз. Бишкексууканал Бишкекбашкыархитектура менен эки тараптуу ыкчам техникалык шарттарды берүүчү VPNканал  аркылуу, толугу менен иш-кагаздарды электрондук жүгүртүүгө өттү.

Ошондой эле, "ГИС Сууканал" долбоордун алкагында, колдонуудагы суу түтүк жана канализация тармактарын, курулмалардын (водозабор жана тазалоочу курулуштардын) гео-базасын (электрондук базасын) түзүү үчүн геомаалыматтык системаларды (ГИС) киргизүү боюнча иш башталды.

Эскерте кетсек, шаардыктар үчүн башкаруу сайты: www.bishkeksuukanal.kg (voda.link.kg) иштейт. Бул жерде пландуу токтотуулар, тарифтер жөнүндө маалыматтарды алып, ошондой эле приборлордун суу эсебин өткөрүп бере аласыздар.

Урматтуу шаардыктар! Ошондой эле ыкчам жана бишкектиктердин маселелерин  чечүү үчүн, “Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы бирдиктүү байланыш кызматын киргизди – 1533.

Эми суу менен камсыз болууда кыйынчылыктар пайда болсо, биздин борборго чалсаңыз болот - 1533.

Белгилей кетсек, долбоор тесттик режимде ишке киргизилген, ошондуктан Бишкексууканалдын мурдагы номурлары дагы чалууларды кабыл алууда.

"Бишкексууканал" ӨЭБсына төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар:

-“Бишкексууканал” ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;
-Үй ичиндеги туйүндөр боюнча суроо-талаптар үчүн байланыштар: 54-42-45, 54-42-44;
-Сырткы түйүндор боюнча арыздарды кабыл алуу: 44-95-97, 44-96-45.
-Канализациянын тышкы тармактарынын диспетчердик номуру: 562946.
-“Бишкексууканал” ишканасынын 0770 838 458 Whatsapp номуру аркылуу сүрөт жиберсеңиздер болот.

Урматтуу шаардыктар! Пандемияга карабастан, борбордогу мэрия дайыма жаныңыздарда, дайыма байланышта! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү санариптик шаарыбыз!