Дүйнөнү таажытумоо илдетинин пандемиясы каптап турганда, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, биздин ден соолугубуз үчүн таажытумоо менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге, эпидемиологдорго жана вирусологдорго башыбызды ийип келебиз.

Мэрия дарыгерлердин, эпидемиологдордун коопсуздугу үчүн бардык зарыл шарттарды максималдуу түрдө түзүп берүүдө.

Гуандун провинциясынын (Кытай) курулуш жана жасалгалоо материалдарынын ассоциациясы борбордун медицина кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарын берип жиберген.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси  Ду Дэвэнь социалдык саясат боюнча вице-мэр Татьяна Кузнецовага 10 миң медициналык маска, 300 коргоочу көз айнек, 200 костюм, 200 мед. баш кийим, жана 30 термометр тапшырды.

Жеке коргоонуу каражаттары шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы жана Мамсанэпидемкөзөмөл борбору ортосунда бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле, «LF» кайрымдуулук фондунун жана ассоциациянын төрагасынын атынан Лан Фан айым таажытумоого каршы күрөшүү боюнча борбордук мэриянын атайын эсебине бир миллион сом которду. Каражаттар социалдык өнүгүү башкармалыгынын багыты боюнча көп балалуу энелерге гуманитардык колдоо көрсөтүүгө багытталат.

Бишкек шаарынын мэриясы КЭРнын КРгы Элчилигине, Гуандун (Кытай)  провинциясынын курулуш жана жасалгалоо материалдарынын ассоциациясына жана Лан Фан айын менен "LF"  кайрымдуулук фонддуна, New Pearl Ceramics, Mona Lisa, Romantic, Karin Эмерек, Eagle Ceramics, "Курулуш материалдары "Yuebang", Haoye Electric корпорацияларына, дүйнө боюнча кыйын мезгилде колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!