Урматтуу шаардыктар! Өзгөчө абал мезгилинде уруксат берилген иш тармактарынын өкүлдөрүнө электрондук уруксаттарды (өткөрмөлөрдү) берүү процессин оптималдаштыруу максатында, ишкерлерге муниципалитеттин райондук акимиаттарынан көмөк көрсөтүлөт. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев кол койду.

Мэр А.Суракматовдун тапшырмасы менен шаардын ар-бир районунда жумушчу топ уюштурулуп, тынымсыз байланыш телефондору иштеп жатат.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Суранабыз, чалыңыздар! Кызматкерлер сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп берип, кеңеш беришет.

Ленин району: 656896, 0 508 725767 (чалуулар жана WhatsApp);
Биринчи май району: 325504, 070231328, 0703406969 (чалуулар жана WhatsApp);
Октябрь району: 576550, 0551401233, 0550401238 (чалуулар);
Свердлов району: 360104, 0702616144 (WhatsApp) 070737757 (чалуулар).

Урматтуу бишкектиктер! Эскерте кетсек, республикалык штаб тарабынан кабыл алынган жеңилдиктерге карабастан, таажытумоо илдетинин кесепеттерин алдын алууу үчүн жана экономикалык зыяндын жеңилдетүү максатында шаар аймагында өзгөчө абал режими колдонулат.

Ушуга байланыштуу шаардыктардан үйдө калууну, себепсиз тышка чыкпоону, ошондой эле коргоочу беткаптарды тагынып, жеке гигиенаны күчөтүлгөн тартипте сактоону суранабыз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!