Мэр Азиз Суракматов шаардын түндүк тарабындагы Көкчетавский менен Түлебердиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ч.Тулебердиев атындагы жаңы сейил бактын даярдыгын текшерди.

"Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжашылчарба" жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жаңы парктын курулушун жана көрктөндүрүүнү иштерин аяктады.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасы асфальт, таманташ төшөгөн. Отургучтар жана Ч.Тулебердиевке эстелик орнотулган.

Келечектеги скейтпарктардын негизи даяр, конструкциянын өзү даяр болуп, курулушу күтүлүүдө. Өлкөнүн чек аралары убактылуу жабык болгондуктан, адистер монтаждоого келе албай жатышат.

"Бишкекжарык" МИсы жаңы паркты адаттагыдай жарыктандырды, заманбап жарык диоддуу шам, өзгөчө торшердик мамылар жана киребериштеги арканын  темир конструкциясы орнотулду.

"Бишкекжашылчарба" МИнын кызматкерлери топурак төктүрүп, 6 гектарга көкмайдансебилди, санитардык кыйуу иштери жүргүзүлүп, кургап калган авариялык абалдагы  бак-дарактарды тазалашты.

Парктын аянты 10 гектарды түзөт, шаар бюджетинен жаңы жашыл мейкиндикти курууга 48 миллион сом сарпталган. Сейил бактардын, гүлзарлардын көбөйүшү шаар тургундарынын ден-соолугу.

Өтүнөбүз! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга сак болуңуздар! Үйүңүздөрдөн зарылчылык болбосо чыкпаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаар!