Шаар ишин улантууда. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча пландуу модернизациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыктагы Чүй проспектисин бойлой төшөлгөн жаңы веложолго жарык чырактары орнотулду. Эскерте кетсек, жакында "Бишкекасфальтсервис" МИнын кызматкерлери "П"-түрүндөгү веложолдун куруу иштерин аяктаган.

60 жарык диоддуу шам чырактар орнотулуп, торшердик түркүктөр орнотулуп, жер астынан 2 миң 210 метрге жакын кабелдик зымдар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, хай-тек стилиндеги торшердик мамылар ишкананын цехинде жоон темирден даярдалган.

Ошол эле убакта Бишкекжарыктын кызматкерлери шаардын түштүк бөлүгүндөгү, айланпа веложолдун экинчи объектисисинин жарыктандыруу иштерин улантат. Байтика Баатыр  көчөсүн бойлой жерди казуу, жер астынан кабелдик линияны өткөзүү жана торшерных мамыларды орнотуу иштери жүргүзулөт.

Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!