Быйыл Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңиш менен аяктаганына 75 жыл болду.

Согуш мезгилиндеги кан майданда көптөгөн кыйынчылыктарга чыдап, эрдик көрсөтүп, Улуу Жеңиш күнүнө карай эрдик менен бет алган ата-бабалабыбыз менен сыймыктанабыз.

“Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын 30 кызматкери жеңиш аянтында кызыл жылдыздын жана согуш жылдарынын 75 деген саны менен,  шаардыктарга майрамдык гүл десте даярдашкан.

Жылдызды кызыл сальвиядан жасадык, ал эми сандарды жазууга понтондук тегетес гүлүн отургуздук. Мындан тышкары, львиный зев, колеус, петуния, цинерария, циния, бегония, пеларгония жана седум гүлдөрүнөн улуттук оюнун орнаментин түшүрдүк.

Урматтуу шаардыктар! Азыркы эпидемиологиялык абалга байланыштуу, көбүнчөбүз гүлдөрдүн түрлөрүнө суктанып, аянтты аралап сейилдей албай жатабыз, ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы шаардыктар үчүн видеокөрсөтмө даярдашты.

Үйүңүздөрдө болуңуздар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!