Коомдук транспорттун кыймылы толугу менен токтотулгандыгына карабастан, шаардык жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын иши уланууда.

Күн сайын биз пандемиянын күрөшчүлөрүн: медициналык мекемелердин, укук коргоо органдарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук акимиаттардын кызматкерлерин ташуудабыз

Ошондой эле жаңы келген жарандарды "Манас" аэропортунан обсервация жерине чейин жеткирүү жүргүзүлүүдө.

Биз – бир үй-бүлөбуз, ошондуктан азыркы учурда жардамга муктаж болуп жаткан  кызматкерлерибиздин үй-бүлөлөрүн дагы эске алып, 136 үй-бүлөгө колдоо корсөттүк.

Саламаттык сактоо эрежелерин сактоо менен каттамга чыгуу алдында 100 кызматкер COVID-19 илдетине карата ПЦР-тест тапшырышууда. Белгилей кетсек, бүгүн ишканада 637 кызматкер эмгектенет, 180 кызматкер карантин учурунда ишке тартылган.

Ошондой эле, мэр А.Суракматовдун тапшырмасы боюнча шаардык бюджеттен автобустардын жана троллейбустардын айдоочуларына айлык маяна төлөөгө 12 миллион сом субсидияланган.

Пандемия азайып, автобустар жана троллейбустар менен бирге "Тулпар" командасы да ишин улантат. "Тулпар" карточкаларынын артыкчылыктары айкын көрүнүп турат: транспорттун коопсуздугу, чыгымдардын ачык-айкындуулугу жана эң негизгиси накталай акча менен байланыш болбойт. Ал тургай, ДССУ акча купюраларды пайдалануудан алыс болууну сунуштайт.

Дорогие горожане! Будьте осторожны, берегите себя и своих близких! Вы нужны себе, своей семье! А этот маленький ролик вам для поддержки настроения.

Урматтуу шаардыктар! Сак болуңуздар, өзүңүздөргө жана жакындарыңызга кам көрүңуздөр! Маанайыңыздарды көтөрүү үчүн бул кичинекей роликтисунабыз.

Бишкек-сүйүктүү күчтүү шаарыбыз!