Урматтуу шаардыктар! Эртең Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгы.

Тилекке каршы бүткүл дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу биз шаардыктардын коопсуздугу үчүн массалык майрамдык иш-чараларды токтотууга мажбур болуудабыз.

9 – майда майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө шаардык мэриянын маданият башкармалыгы тарабынан 2,5 миллион сом каралган, каражаттар оптималдаштырылып, шаардын эсебинде болот, келечекте борбор калаанын зарыл болгон керектөөсүнө жумшалат.

Ал эми КР куралдуу күчтөрдүн генералдык штабы тарабынан, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышы менен шаардыктардын катышуусу жок Жеңиш салютун уюштурулат.

Салют 9-майда саат 22:00дө башталат, тартипти камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылган.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз! Үйүңүздөрдө калыңыздар! Азыркы учурда биз жоопкерчиликти жана чыдамкайлыкты көрсөтүшүбүз керек. Ар бир үй-бүлөдө баатырлар эскерилет. Чоң аталарыбыз, чоң апаларыбыз, агаларыбыз ар дайым биздин жүрөгүбүздө. Суранабыз, көчөгө себепсиз чыкпаңыздар, өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар.

Келе жаткан майрамыңыздар менен! Сүйүктүү бишкектиктер!

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!