Урматтуу шаардыктар, "Салам-Алик" конушунун жашоочулары!  Көк-Сай көчөсүнөн тартып Кокчетавский көчөсү чейинки тилкедеги Манас көчөсүндөгү  канализациялык тармактын курулушу белгиленген тартиптен эрте аяктаганын кубануу менен билдиребиз.

Канализация тармагынын узундугу 482 метрди түзүп, жүз үй-бүлөнүн үйүн камтыйт.

Борбордук мэриянын капиталдык курулуш мамлекеттик башкармалыгы тапшырган курулуш иштер "ГлавТехИнвест" подряддык компаниясы тарабынан жүргүзүлүп,келишим боюнча ушул жайда аякташы керек эле, бирок иш жакшы координациялангандыктан, белгиленген мөөнөттөн эрте аяктады.

Жаңы конушту борбордук канализацияга кошууга шаардык бюджеттен 1 миллион 234 миң 445 сом каралган.

Эске салсак, шаардын инфраструктурасын толук өнүктүрүү боюнча иштер мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө.

Бишкек-сүйүктүү инфраструктуралык шаарыбыз!