15-май. Киргшелк айылындагы №13 санитардык пост. Унаалар жолдун эки тарабынан100 метрдей аралыкта кезек күткуп турушат. Шаарга кирип жаткан адамдардын ден соолугунун абалын нөөмөттөгү дарыгерлер текшерип,  генералдык штабынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын ШИИБнин ПМКБгы, ӨКМ документтерди текшерип, кеңештерин берүүдө. Таажытумоонун же ОРВИнин белгилерине шектелгендер болсо, медициналык кызматкерлер андан ары иликтөө үчүн обсервацияга жиберүүгө укуктуу.  №13 санитардык постун башчысы капитан Азамат Арыковдун айтуусу боюнча, бул топтогу күзөтчүлөр  үч нөөмөт менен төрт сааттан иштешет, бардык кызматкерлер үч маал ысык тамак, жеке коргонуу каражаттар жана түнөп калуучу жай менен камсыздалган. Күзөттүк нөөмөттө 10 күн иштеген соң, 15 күн милдеттүү карантинде болушуп, ПЦР-анализ тапшырып кайра кызматка чыгышат.

Санитардык посттордо күнүнө бир нече жолу кылдат дезинфекциялоо жүргүзүлүп турат. Күзөтчүлөрдүн арасында таажытумоо илдетин жуктургандар жок.

А.Арыков шаардыктардын  санитардык талаптарды түшүнүү менен кабылалып жатышкандарын белгилеп, азырынча көйгөйлөр жаралбаганын билдирди. Ыкчам жана шаардык кызматтар, ошондой эле дыйкандар  үчүн жашыл коридор ачылган, алар тамак-аш азыктарын (сүт жана эт азыктары, жашылча, мөмө-жемиштер) тоскоолдуксуз өткөзүшөт.

Белгилесек, шаардын калган киребериш  жана чыгабериштеринде дагы ушундай кырдаал сакталууда.

Эскерте кетсек, Бишкек карантинге жабык, 16 көзөмөлдүк-санитардык пункт жайгаштырылган: https://www.meria.kg/ru/post/20233

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз! Үйүңүздөрдө болуңуздар, зарылдык болбосо шаарга себепсиз каттабаңыздар. Вирус бар, ал кооптуу. Өзүңүздөрдү  жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү уюлдук шаарыбыз!