Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы өзгөчө кырдаал шартында санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрмөлөрдү өткөрүүдө.

Түн ичинде Октябрь районунун ӨКМ, РИИБ, СЭИ жана акимиаттын кызматкерлеринен турган ыкчам тобу пандемияга жана жалпы карантинге карабастан "Ганбей" түнкү клубунун иштеп, ал эми кардарлар эс алып жатканына күбө болушту.

Таажытумоо илдети "Арена" футбол аянтчасынын ээлери үчүн дагы коркунуч жараткан эмес.

Жайларды ишин дароо токотуп, санитардык кайгуул кызматы бузуулар жөнүндө  Кодексинин 293-беренеси  "аткаруу тартибинин  чечиминин бузулушу, көрсөтмө, тескеме же ыйгарым укуктуу органдын талаптары" боюнча протоколдор түзүлдү. Протоколдун негизинде экинчи категориядагы айып салынат: жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн – 13 миң сом.

Санитардык рейддер уланууда.

Урматтуу ишкерлер! Урматтуу шаардыктар! Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Жеке тазалыкты жана аралыкты сактаңыздар. Таажытумоо илдети бар жана коркунучтуу, аны жугузуп албоо жана таралышынын өсүшүн токтотуу үчүн, зарыл болгон эрежелердин баарын аткарышыбыз керек.

Мэриянын санитардык-экологиялык кайгул кызматынын  байланыш номурлары: 0(312) 65 81 59, 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!