Кечээ, 17-майда, бишкектиктер Энелер күнүн белгилеп, өздөрүнүн апаларын жана чоң энелерин куттукташты. Ал эми кимдир бирөөлөр бул күнү эне болуу сезимдерин алгачкы же кезектеги жолу сезишти.

Ушул күнү Бишкектин төрөт үйлөрүндө 61 ымыркай жарык дүйнөгө келишти, алардын 29у эркек бала жана 32и кыз бала.

Ал эми борборубуздун  №1 төрөт үйүндө 47 жаштагы Ж.Ганиева кош бойлуулуктун 36-жумасында көз жарып, үч эмди жарыкка алып келди. Ымыркайлар  2,4 кг, 2,3 жана 2,2 кг салмакта төрөлүштү.

Эненин жана балдардын абалы  канааттандырарлык, алар күнү-түнү дарыгерлердин байкоосунда.

Биз бардык ата-энелерди  үй-бүлөсүндөгү сүйүнүчтүү жаңылык менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден-соолук, энелердин тез аранын ичинде калыбына келишин тилеп, бардык ымыркайлар ден-соолукта, ата-энесинин кубанычына бар болуусун каалайбыз!

Бишкек-балдар үчүн сүйүктүү шаар!