Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 75-жылдыгына карата бүткүл дүйнөлүк уюмунун "Бириккен Шаарлар жана Жергиликтүү Бийлик"(БШЖБ) Евразиялык региондук бөлүмү менен биргеликте шаарлардын келечегин калыптандырууда глобалдык кызматташуунун маанилүүлүгү жана эл аралык саясатты өнүктүрүүдө жергиликтүү бийликтин ролун күчөтүү тууралуу бүткүл дүйнөлүк диалогду баштады.

Эми ар бир шаардык  онлайн-сурамжылоого катышып, жакшы көргөн шаарынын өнүктүрүү боюнча өзүнүн көз карашын билдирип, глобалдык талкууга аралашса болот: https://un75 алат.online/?lang=rus

Урматтуу шаардыктар! Сиздин сурамжылоого катышууңуз 2045-жылга карата эл аралык жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуудагы  бардык адамзат үчүн жаркын келечекти курууга жардам берет.

25 жылдан кийин Бишкек кандай болот деп ойлойсуз?

Маалымдама: коомдук бирикмелер, союздар жана айрым муниципалдык түзүлүштөрдүн ыктыярдуу эл аралык бирикмеси. 2004-жылы жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Бишкек 2008-жылы БШЖБнын мүчөсү болгон.

Изилдөөгө катышууңуздарды өтүнөбүз, өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар.

Бишкек-жаркын келечеги бар сүйүктүү шаарыбыз!