Урматтуу шаардыктар! Эртеңки күндөн тарта Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жол кыймылы татаалдайт. "Бишкекжылуулуктармагы" ААК борбор калааны жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн жылуулук тармагын реконструкциялоону жүргүзөт.

Оңдоо иштери 7-апрел көчөсүнүн батыш тарабынан, Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабына өтүү менен жүргүзүлөт.

Учурдагы жылуулук тармагынын түтүктөрү 1973-жылы төшөлгөндүктөн, кыйла эскирип, жаңылоону талап кылат. Мындан тышкары, түтүк диаметри 500дөн 900 миллиметрликтерге которулуп,  жылуулук тармагынын күчүн жогорулатуу пландалууда.

Белгиленген иш тартибине  ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" ААКнун оңдоо иштери 2020-жылдын 4-августунда аяктайт.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААК жана Бишкек шаарынын мэриясы көрсөтүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, каттамдарыңыздарды алдын ала ойлонуштурууну өтүнөбүз.

Бишкек-сүйүктүү уюлдук шаарыбыз!