Урматтуу шаардыктар! Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү динамикасынын жыйынтыгына ылайык, республикалык штабдын планы боюнча, белгиленген этап менен экономикалык иш чөйрөсүн 21-майдан тартып жандандыруу каралган, соода-сатык, калкты тейлөө борборлору, мончо жана спа-борборлор, окутуп-үйрөтүү кызматтар чөйрөсү жана калкты тиричилик жактан тейлөө кызматтары ишин баштаса болот.

Соода борборлор ачылышка даярдана башташты. Алардын айрымдары маселеге жоопкерчилик менен кайрылып, "Бишкек Парк" соода борборунун администрациясы коронавирусту жайылтууга каршы аракеттер планын жана кызматкерлер менен кардарлардын коопсуздугу үчүн эрежелер топтомун иштеп чыккан.

Документ менен бул жерден таанышсаңыздар болот.

Урматтуу шаардыктар! Иш жериңиздерде жана үйүңүздөрдө санитардык талаптарды сактаңыздар!  Колуңуздарды таза кармап, аралыкты сактаңыздар. Вирус бар жана коркунучтуу болуп саналат, илдетти жугузуп албоо жана жайылуусун токтотуу үчүн зарыл болгон эрежелерди так аткарышыбыз керек.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!