Биз шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди улантуудабыз. Шаардык мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгы, башка Жер саясаты боюнча  ишканалар сыяктуу эле санариптик форматка өттү.

Эми муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиянын бардык жыйындары  түздөн-түз шаардыктардын көз алдында өтөт, жалпы башкарма боюнча чогулуштарды онлайн режиминде көрсөтүү үчүн видеокамералар орнотулган. Азыркы учурда, бул шилтеме аркылуу,19 майга карата өткөн иш-чараны көрө аласыздар: https://www.youtube.com/watch?v=qZtbA2epFC4&feature=youtu.be https://www.facebook.com/312Bishkek/videos/875718809593491/

ММБнын кызматкерлеринин оперативдүү иш алып баруусу үчүн автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) түзүлгөн. Азыр башкаруу иши ар бир объект боюнча маалыматты сактоо, жиберүү жана кайра иштетүү менен байланышкан.

Электрондук базада шаардын менчиги тууралуу маалыматтар бар, бизде болсо алардын ичинде 2 миң 136 объект, алардын арасында 743 токтоочу комплекс, 700 чарба жүргүзүү жана ыкчам башкарууга берилген объект, 264 квартира, рыноктук ижара акысы бар 335 объект, жеңилдетилген ижара акысы менен 86 объект жана 8 монументалдык курулма бар.

Ошондой эле санариптик карта иштелип чыккан, сиздер бардык имараттардын жайгашкан жерин сүрөттөрдү менен кошо көрө аласыздар.

Жер реформасынын алкагында жерди, муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так регламенттелген, бул бардык процедураларды ачык жана адилеттүү кылууга, ошондой эле киреше бөлүгүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Бишкек-сүйүктүү санариптик шаарыбыз!