Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы өзгөчө кырдаал шартында санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрмөлөрдү өткөрүүдө.

Кечээ түнү Ленин районунун ыкчам тобу "Кара-Суу" чайханасын иштеп жаткан жеринен кармашкан. Бардык кабиналар эс алуучу коноктор менен толуп, кызматкерлер толук курамда иштеп жатышкан. Кафенин ээси А.Конгантиеванын түшүндүрүүсү боюнча,  алар  тааныштарын тосуп жатышкан.

Бузуулар жөнүндө  Кодексинин 293-беренеси  "аткаруу тартибинин  чечиминин бузулушу, көрсөтмө, тескеме же ыйгарым укуктуу органдын талаптары" боюнча протокол түзүлдү. Протоколдун негизинде экинчи категориядагы айып салынат: жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн – 13 миң сом. Мекеменин ээси мыйзам бузуу менен макул болуп, чечим кабыл алынды.

Санитардык рейддер уланууда.

Урматтуу ишкерлер! Урматтуу шаардыктар! Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Жеке тазалыкты жана аралыкты сактаңыздар. Таажытумоо илдети бар жана коркунучтуу, аны жугузуп албоо жана таралышынын өсүшүн токтотуу үчүн, зарыл болгон эрежелердин баарын аткарышыбыз керек.

Мэриянын санитардык-экологиялык кайгул кызматынын  байланыш номурлары: 0(312) 65 81 59, 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!