"Бишкексвет" муниципалдык ишканасы сырткы жарыктандырууну модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.

Биз Саадаев көчөсүндөгү Витебский өткөөлүнөн 292-үйгө чейин, 292-үйдөн Саадаев көчөсүнүн 229-үйүнө чейинки аралыкта,  ошондой эле "Калыс-Ордо" конушунун 4чү жана 5-көчөлөрүнө жарык өткөрдүк. Эми жашоочулардын жолун 34 жарык чырагы жарыктандырат. Алар үчүн 30 кронштейндер орнотулуп,1 миң 140 метр электр чубалгысы тартылды.

"Жарыктандыруу" иштери ишкананын өндүрүштүк программасына ылайык, "Ак-Босого" конушунун Чүй-25, Чүй-28, Чүй-52" көчөлөрүндө дагы жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!