Урматтуу шаардыктар!Социалдык тармактарда жана жаңылыктар сайттарындагы тарап жаткан, Бишкек шаарынын мэриясы жашоочулардын жеке менчигин  муниципалдык мүлктүн реестрине кошуп алды деген   жалган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул фейк!

Турак жай фонду адегенде мамлекеттик менчикте болгон, кийин 1995-жылдын 30-октябрындагы №460-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде  муниципалитетке берилген. Бул токтом эч ким тарабынан талашылбаган, жокко чыгарылган эмес жана ушул күнгө карата мыйзамдуу күчкө ээ.

1991-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө мыйзам иштеп келет, ага ылайык шаардыктар турак жайларды менчиктештирүүгө укуктуу болушкан. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын тургундары турак жай фондунун 95% пайызын менчиктештиришкен.

Бирок батирлерден тышкары көп кабаттуу имараттарда лифттер, жертөлө жайлары  жана чатырчалар менчиктештирилбей шаардын балансында турат.

Бишкек шаарынын мэриясы да, муниципалдык мүлк башкармалыгы да шаардыктардын турак-жайын талашкан жок. Турак жайлар (квартиралар) бишкектиктерге таандык, адамдардын менчигин тартып алууга эч кимдин укугу жок.

Урматтуу шаарыктар! Маалыматты текшерүүнү суранабыз! Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!