Биз иштеп жаткан ишканалардагы санитардык талаптардын сакталышын кыдырып текшерүүнү улантуудабыз. Райондук акимиаттын, Мамсанэпидкөзөмөл борборунун, РИИБнын, ӨКМнин, СЭИнин (санитардык-экологиялык инспекциясы) жана МАБдын кызматкерлери күн сайын ишканалардын жетекчилери менен түздөн-түз иш ордуларында кездешип жатышат.

19-майда карата кечки маалымат боюнча, биз төрт миңге жакын ишканаларды кыдырып чыктык, сегиз күндүн ичинде 467 миң сомду камтыган 212 протокол түзүлгөн.

Биринчи Май районунда - 27 протокол, 67 миң сомго түзүлдү;
Ленин районунда - 42 протокол, 102 миң сомго;
Свердлов районунда - 33 протокол,125 миң сомго;
Октябрь районунда – 28 протокол, 70 миң сомго.
МСЭКБ тарабынан 7-майдан 14-майга чейин 82 миң сом суммадагы протокол түзүлгөн.

Борбордук мэриянын экологиялык инспекциясы (СЭИ) 188 миң сомго 46 протоколду түздү.

Урматтуу ишкерлер! Урматтуу шаардыктар! Санитардык эрежелерди  жана аралыкты сактаңыздар. Өзүңүздөрдү жана кардарларыңызды таажытумоо илдетин жугузуп алуудан сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!