Мэрия көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлугү чектелген жарандарга жана пенсионерлерге жардам берүүнү улантууда.

Биз муниципалитеттин, өкмөттүн, жеке ишкерлердин жана кайрымдуулук фонддорунун ресурстарын бириктирүү менен жардамдын көлөмүн көбөйттүк. Жеткирүүнү тездетүү үчүн, ар бир район боюнча топторго бөлүнүп жатабыз.

Бүгүн гана "Ас-Сафа" Араб фондунан жана Транспорт менен Жер саясаты боюнча мэриянын командалары жасаган азык-түлүк себеттерин "Ак-Бата", "Ак-Босого" конуштарында жашаган 200дөн ашык үй-бүлө алышкан.

20-майга карата Бишкектин төрт районунун 99 миң 418 үй бүлөсүнө колдоо көрсөтүлгөн. Гуманитардык жардамды жеткирүү улантылууда.

Райондук штабдар күн сайын муктаж болгон адамдардын тизмесин түзүшөт, зарыл болгон учурда лонг-баракчалар жардам көрсөтүүнү каалаган уюмдарга, ишкерлерге өткөрүлүп берилет.

Урматтуу шаардыктар! Азыктарды таңгактоо жана ташуу убакытты талап кылат, ар бир райондо, ар бир кварталда жумуш графиги бар, бардык арыздар милдеттүү түрдө аткарылат.

Өтунөбуз! Эгер  сиздерге, же кошуналарыңызга жардам керек болсо, райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү күчтүү шаарыбыз!