Шаар ишин улантууда. Борбордук мэрия  2020-2021-жылдарга карата жылытуу мезгилине даярдыктарды эмитен баштады.

Кийинки кыш мезгилинде шаардыктардын үйүн үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо максатында, жылуулук менен камсыздоо объектилерин даярдай баштадык.

Азыркы учурда "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан  Кумарыксой жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде узундугу 90 метр болгон жылытуу түтүктөрүнүн алмаштыруу иштери жүрүп жатканына байланыштуу көчөлөрдүн бул тилкелериндеги жүрүш жарым-жартылай чектелген.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Кабатыр болбоңуздар! Алмаштыруу иштери 27-майда аяктайт.

"Бишкекжылуулукэнерго" КИсы жана борбордук мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Үйдө болуңуздар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!