Бишкек шаарынын мэриясы 25-майдан баштап спорт борборлорунун, машыгуучу залдардын, фитнес-клубдардын жана бассейндердин иштөөсүнө уруксат берилген тизмесине киргизген.

Санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо милдеттүү шарт болуп эсептелет. Жайларды дезинфекциялоо, администрациянын жана кызматкерлердин медициналык бет кап жана кол кап режими, ар бир кардарга санитардык тазалагычтарды жана антисептиктерди орнотуу, ошондой эле шаймандарды жайгаштырууда санитардык аралыкты сактоо.

Байланышта, командалык жана жамааттык спорт түрү боюнча борборлорго иштөөгө тыюу салынат (футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөш, баскетбол ж.б.). Санитардык аралыкты сактаган жеке спорт түрлөрү гана!

Урматтуу шаардыктар! Сиздерди  өзүңүздөрдүн ден-соолугуңуздардын коопсуздугу үчүн санитардык-гигиеналык ченемдерди, анын ичинде медициналык кол кап жана бет кап режимин коомдук жайларда сактоо жоопкерчилигине чакырабыз

Ар бирибиздин жеке жоопкерчилигибиз таажытумоо илдетинин жайылышы менен күрөшүүгө жардам берет.

Бишкек-сүйүктүү сергек шаарыбыз!