Октябрь районунун акимиатында  көп балалуу энелерди салтанаттуу түрдө куттуктап, “Баатыр Эне” ордендерин жана “Эне Даңкы” медалдарын тапшырышты.

Райондун башчысы Максим Ситников санитардык ченемдерди сактоо менен аларды эмгек сиңирген мамлекеттик сыйлык менен куттуктап, үй-бүлөлөрүнө чың ден-соолук, бакыт жана бакубат турмуш каалады. Жалпысынан район боюнча үч эне "Баатыр эне" наамын алса, 10 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясы энелерди сыйлык алышы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!