Шаардык кызматтар өзгөчө кырдаалга карабастан өндүрүштүк планга ылайык ишин улантууда. "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы борбор шаардын лифттик фондун жаңылоо боюнча иш баштады.

Быйыл биз пайдалануунун ченемдик мөөнөтүн 25 жылдан ашык иштеп келген турак үйлөрүндөгү 21 муниципалдык жүргүнчүлөр лифтин алмаштырууну жана шаардын №1 клиникалык ооруканасына жаңы лифт орнотууну пландаштыруудабыз.

Кышында лифт жабдууларын (жүргүнчүлүк жана ооруканалык) алууга тендер өткөрүлүп, конкурсту "Могилевлифтмаш" ишканасы (Могилев шаары, Беларусь Республикасы) жеңген. Жабдуулар толугу менен Бишкекке жеткирилген.

Азыркы учурда "Бишкекшаарлифт" МИнын кызматкерлери шаардын №1 клиникалык ооруканасына жаңы лифттин жабдууларын орнотуу иштерине киришишкен, жакын арада жаңы лифт дарыгерлердин жана бейтаптардын жашоосун жеңилдетет.

Көп кабаттуу үйлөрдө жаңы лифт орнотуу иштери эскилерин эсептен чыгарган соң башталат.

Белгилеп кетсек, 2020-жылы  учурдагы лифтердин жабдууларын оңдоого жана жаңыларын сатып алууга 26 миллион сомдон ашык каражат каралган.

Бүгүнкү күндө борбордо 733 муниципалдык лифт иштейт, калгандары жеке менчик. Бардык лифттер үзгүлтүксүз дезинфекциядан өткөрүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Үйдө болуңуздар! Лифтке топтолбой, жалгыздан түшүңүздөр. Жеке гигиенаны сактаңыздар! Өзүңүздөргө, балдарга жана улгайган адамдарга кам көрүңүздөр! Лифт кызматына акы төлөөнү унутпаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!