Шаар ишин улантууда. Муниципалдык кызматтар шаарды көрктөндүрүү боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө.

Шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл зоналарды, веложолдорду жана унаа жолдорду, сейил бактарды, ошондой эле гүл зарларды көбөйтүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүдөбүз.

Күн сайын биз акырындап тротуарлар жана веложолдор тармагын узартып жатабыз,иштин көлөмүн дагы көбөйттүк. Манас, Чүй жана Байтик Баатыр көчөлөрүн бойлой төшөлүп жаткан "П" түрүндөгү велотармак - шаардын борборундагы эң башкы стратегиялык маанилүү долбоорлордун бири, бул тротуарлардын жана веложолдун узундугу - 18,4 км.

Чүй проспектиси боюнча курулуш толугу менен аяктаган.

Азыр Манас проспектиси жана Абдрахманов көчөсү боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул жерде долбоор боюнча белгиленген аймактагы плиталар, эски брусчаткалар, өз билемдик менен салынган кирүүчү тепкич аянтчалары алынууда. Ирригациялык тармактардын түтүктөрү өткөрүлүп, эски асфальт сыйрылат.

Бизге шаардыктар жана ишкерлер Манас менен Бөкөнбаев, Байтик Баатыр жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги ишти тездетүү өтүнүчү менен кайрылышууда. Кабатыр болбоңуздар! Иштер 10-15 күндүн ичинде аяктайт. Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыктары менен бирдикте,   мыйзамсыз белгиленген киребериштердин жана тепкич аянтчаларынын ордун бошотуу үчүн убакыт керек болду. Айрым ишкерлер ал жерлерди шаардыктарга кайтарып бергилели келген жок.

Урматтуу ишкерлер! Борбор калаада жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоо маанилүү экендигин эскертебиз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!