Шаар 2020-жылдын планына ылайык иштерди улантууда. Исанов көчөсүндөгү Тез медицина борборунун башкы имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.

Азыр аянты дээрлик эки миң чарчы метрди түзгөн чатыр алмаштырылып жатат, жакын арада имараттын фасадын жана тышкы инженердик тармактарды (түтүк жана канализациялык тармактар) оңдоо иштери башадат.

Объектте "Дастан Строй Групп" ишканасы иштөөдө. Шаардык бюджеттен 3,85 миллион сом каражат каралган.

Подрядчиктер жылытуу сезону башталганга чейин оңдоо иштерин бүтүрүүгө убада беришти.

Жалпы аянты 3 миң 496 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу  тэз жардам борборунун башкы имараты 1939-жылы курулган. Шаардыктар үчүн негизги имаратан тышкары дагы 4 подстанция иш алып барат. Жалпы 488 адам, анын ичинде дарыгерлер жана кенже медкызматкерлер эмгектенет.

Урматтуу шаардыктар! Эскертебиз, Бишкекте карантин жана өзгөчө кырдаал режими аяктай элек. Өтүнөбүз, үйүңүздөрдөн себепсиз чыкпаңыздар, бет кап режимин жана аралыкты так сактап, антисептик колдонуңуздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Вирус бар жана кооптуу.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!