Урматтуу шаар тургундары, унаасүйүүчүлөр! Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын иши калыбына келтирилгендигин билдиребиз.

Эскерте кетсек, карантин болгондугуна байланыштуу, биздин кызматкерлер ишин токтоткон, базарлардын айланасында жайгашкан шаардык унаа токтотуучу жайлар  тейленбей, унаанын убактылуу токтогону үчүн акы алынган эмес.

25-майдан тарта базарлар ишин улантышты, "Бишкектин унаа коюучу жана токтотуучу жайлары" МИнын операторлору да ишке чыгышты. Бардык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен жабдылган, мээлей, маскачан иштеп жатышат, ар биринде кол үчүн санитайзер бар.

Муниципалдык унаа токтоочу жайлар жайгашкан көчөлөрдүн тизмеси:

1. "ОШ Базары”:
Бейшеналиева көчөсү  Москва көчөсүнөн Чүй пр. чейин;
Кулиев көчөсү  Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин;
Токтогул көчөсү Жаш Гвардия  бульварынан "Ала-Арча" дарыясына чейин;
Киевский көчөсү Жаш Гвардиядан Кулиев көчөсүнө чейин;
Павлов көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин.
2. "Орто-Сай Базары" СБК:
Суеркулов көчөсү Жукеева-Пудовкинден Юнусалиев көчөсүнө чейин;
Юнусалиев көчөсү Суеркулов көчөсүнөн  Безымянный көчөсү көчөсүнө чейин;
Жукеева-Пудовкин көчөсү Безымянный көчөсүнөн Суеркулов көчөсүнө чейин;
Орозбеков көчөсү Фереден Можайский көчөсүнө чейин ("Старый толчок" курулуш базары);
Ибраимов көчөсү Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин ("Комфорт" базары);
Кулатов көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейин ("Маслосырбаза");
Сүйүмбаев көчөсү Чүй проспектинен Огонбаев көчөсүнө чейин;
Огонбаев көчөсү Гоголь көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин;
"Сары-Өзөн" СБК Клубный чолок көчөсү.
Унаа токтотуучу жай муниципалдык экендигин кантип аныктоого болот?

Биринчиден, муниципалитеттин унаа токтотуучу жайы  экендигин билдирген жол белгилерине жана маалымат такталарына көңүл буруу керек.

Экинчиден, биздин операторлор "Бишкектин унаа коюучу жана токтотуучу жайлары" МИ деген белгиси бар атайын кызгылт чыптамаларды кийип, бейджик тагынып иштешет жана милдеттүү түрдө акы төлөө жөнүндө мөөр басылган талон беришет. Расмий жана бирдиктүү тариф – 25 сом, убакыты чектөөсүз.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар! Үйдө болуңуздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!