Күн сайын таажывирус илдетине каршы күрөшүүдө шаарга жардам берүүнү каалаган жеке ишканалардан, уюмдардан жана фонддордон гуманитардык жардам көрсөтүүнүн саны өсүүдө.

Бүгүн  World Share коомдук кайрымдуулук фондунун тобу Свердлов районунун "Дордой", "Дордой-2" жана "Келечек" жаңы конуштарынын 130 үй-бүлөөсүнө колдоо көрсөтүп, азык-түлүк себеттерин таратышты.

Бишкек шаарынын мэриясы кыйын убакытта шаарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ишканага чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

26-майга болгон маалыматка ылайык шаар боюнча 106 миң 547 үй-бүлө  колдоого алынган.

Эскерте кетсек, муниципалитет, кайрымдуулук фонддор жана борбордун жеке ишкерлеринин көмөгү менен  жардамды көбөйтүп жатабыз.

Урматтуу шаардыктар! Өтунөбуз! Эгер  сиздерге, же кошуналарыңызга жардам керек болсо, райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!