Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана "Тазалык" МИнын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук мейкиндикти жакшыртуу үчүн шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттердин туткунунан бошотууну улантууда.

Айтматов көчөсүнүн 90/2 дарегинде жаңы "Ден-соолук" паркынын курулушуна тоскоол болгон объекттерди бузуу иштери башталды, учурда эски парктын кире бериш аркасы демонтаждалууда.

Жолдун курулушун улантуу үчүн Каралаева көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайдын демонтажы улантылып,  «Айя Инвестмент» менен түзүлгөн келишим бузулуп, жерди убактылуу пайдалануу укугу токтотулган.

Ден Сяопин көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр жана велосипед зонасын куруу үчүн  Дэн Сяопин 18/1 дарегиндеги "Элитстрой" базарынын темир тосмолору, ошондой эле мыйзамсыз орнотулган коңшу үч темир тосмо да алынып салынды.

Бул жолу  Свердлов районунун көчөлөрүн жана тротуарларын бойлой туш келди  орнотулган жарнама такталар жана мамылар бузулуп, 74 жарнама орнотмолор демонтаждалды.

Ошондой эле, "Туңгуч" кичирайонундагы жаңы балдар бакчасынын тушундагы гараж демонтаждалган, анын кожоюнунда уруксат берүүчү документтер болгон эмес.

Урматтуу ишкерлер! Сиздерди жер пайдалануунун жана курулуштун эрежелерин так сактоону суранабыз.

Урматтуу  бишкектиктер! Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объект көрсөнүз, фото жана видеофакттыларын төмөнкү номурга : 070363383 Алина, ошондой эле, Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын социалдык тармактардагы баракчаларына: Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/ Instagram: @uzs.bishkek Twitter: @uzsmeriakg жөнөтүүгө болот.

Биз ар дайым байланыштабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар! Колуңуздарды жууп, бет кап тагынууну унутпаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!