Бишкек шаарынын тургундарынан Элебесов көчөсүндөгү Дорожный жана Памир чолок көчөлөрүнүн тилкесинде канализация орнотуу иштери жашоочулар үчүн ыңгайсыз болуп жатат, жумуштар өзгөчө кырдаал учурунда  жүргүзүлсө жакшы болмок деген кайрылуулар келүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Өзгөчө кырдаал учурунда коронвирус илдеттин жайылтуу коркунучу болгондуктан  бардык курулуш иштерине тыюу салынган. Курулушка уруксат берилген замат, дароо жумуштар башталды.

Белгилей кетсек, курулуш  көчөнүн чыгыш тарабында жүрүүдө. Узундугу 1,885 метр болгон борбордук канализация ушул аянттын 10 көчөсүндө  жашаган миңдеген, анын ичинде «Ак-Тилек» конушунун Жерге-Тал көчөсүнүн үй-бүлөлөрдүн үйлөрүн канализацияга кошууга мүмкүнчүлүк жаратат. MS Building подряддык ишкана  20-июлга чейин канализацияларды төшөө иштерин бүтүрүүнү убада кылды.

Бишкек шаарынын мэриясы көрсөтүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана көчөгө чыгуудан мурун алдын ала каттамды ойлонуштурууну суранат.

Бишкек-сүйүктүү инфраструктуралык шаарыбыз!