"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы сырткы жарыктандырууну модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.

Бул жолу биз төмөнкү көчөлөрдө сырткы жарык өткөрдүк:
* Чокморов көчөсүндө Турусбеков көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
• Кожомкулов көчөсүндө Самойленко көчөсүнөн Таалайкөчөсүнө чейин;
* Мостовой;
* Шевченко көчөсүндө Боконбаев көчөсүнөн Чуйков көчөсүнө чейин;
* Бөкөнбаев көчөсүнөн Чуйков көчөсүнө чейин Тимирязев көчөсүндө;

Ошондой эле "Жал" кичи районунун короолорунун ичинде.

Эми бул аймактардын жашоочуларынын жолуна 61 светодиоддук чырак жарык берип турат, алар үчүн  38 кронштейнлер орнотулуп,1 миң 385 метр электр берүүчү линиялар аба аркылуу тартылды

Ошол эле убакта  Киргизии-1де Чон-Арык көчөсүндө Стадионный көчөсүнөн  Масалиев көчөсүнө чейин, Садырбаев көчөсүнөн Стадионныйга чейин тышкы жарыктандыруу жүргүзүлдү. 17 светодиоддук чырак кронштейнлери менен орнотулуп, 892 метр электр берүүчү линиялар тартылды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!