Бишкек шаарынын мэриясы 2020-жылдын 10-майындагы токтомуна  №77-б КР Өкмөтүнүн №163 2020-жылдын 17-мартындагы токтомуна ылайык   өзгөртүүлөрдү киргизди. Эми СПА-борборлордун, сауналардын жана коомдук мончолордун кызмат көрсөтүүлөрү иштин уруксат берилген ишканалардын түрлөрүнүн тизмесине киргизилди. 29-майдан баштап Гагарин көчөсү 74 жайгашкан (жумушчу шаарчасы) №5  муниципалдык мончо өз жумушун баштайт.

Санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо милдеттүү шарт болуп эсептелет:жайларды дезинфекциялоо, администрация жана тейлөөчү кызматкерлердин кол кап жана бет кап режимин сактоосу, ар бир кардар үчүн санитайзер жана антисептик орнотуу, ошондой эле жайлардын жана жабдуулардын санитардык аралыктын сакталышы үчүн белгилөө.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерди коопсуздук үчүн санитардык-гигиеналык ченемдерди, анын ичинде кол кап жана бет кап режимин коомдук жайларда сактоого чакырабыз.

Бир гана биздин ар бирибиздин жеке жоопкерчилигибиз таажытумоо илдетинин жайылышы менен күрөшүүгө жардам берет.