Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы (СЭИ) көрктөндүрүү эрежелерин, коомдук жайларда жана 10 метр аралыкта тазалыкты жана тартипти  бузгандар менен күрөшүү  ишин улантып жатат, ошондой эле өзгөчө кырдаал шартында санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрөт. Бизге шаар тургундарынан, Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги коркунуч жараткан жер иштери боюнча арыз келип түшкөн.

Мэриянын санкайгуул кызматы ыкчам түрдө барып, А. Молдокунов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын имаратынын жанында "Профспецмонтаж" ишканасы жылуулук тармагынын авариялык өткөрмөсүн  өткөрүп жатканына күбө болушту. .

Тилекке каршы, куруучулар берилген буйрукка ылайык милдеттенмелерди аткарган эмес: иштөө жана аяктоо мөөнөтүн көрсөткөн маалымат баннери жок, аянтты туура жарыктандыруу жок, аймак жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу.

Жолдордогу жумуштарды аткарууга коюлган талаптарды аткарбагандыгы үчүн ишканага  Бузуулар кодексинин 119-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Жолдорду, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулуштарын күтүү эрежелерин бузуу" боюнча протокол түзүлүп, айып пулдун 4 категориясы каралган - 23 миң сом.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Өтүнөбүз! Тартипти сактаңыздар, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабаңыздар, борборду көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, БАРЫБЫЗ (!) айлана-чөйрөнү 10 метр аралыкта таза кармоого милдеттүүбүз.

Мэриянын санитардык-экологиялык кайгуул кызматынын байланыш номурлары: 0(312) 65 81 59, 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!