Биз шаардын чарба кызматтарынын ишин санариптештирүү боюнча иштерди улантуудабыз. Бүгүн вице-мэр Амантуров М.К. "Бишкексууканал" ӨЭБсынын биринчи санариптик платформасын кабыл алды.

"Электрондук ТЖКЧ" тутуму үч блоктон турат: иштерди жүргүзүүнү эсепке алуу, абоненттик база жана шаардыктардын кайрылуулары.

Алгачкылардан болуп суу канал өттү, ишканада шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалымат борбору иштей баштады – 1533. Эми, эгерде сиздерде суу менен камсыз болууда көйгөйлөр пайда болсо, биздин бирдиктүү санариптик "суу түтүк" борборуна чалуу керек - 1533.

Платформа тестирлөө режиминде, Бишкексууканалдын номурлары мурдагыдай эле байланышта.

Ишкана Бишкекбашкыархитектура менен техникалык шарттарды түзүү үчүн эки тараптуу жогорку ылдамдыктагы VPNканал аркылуу электрондук иш-кагаздарды жүгүртүүгө толугу менен  өткөн.

Азыркы учурда колдонуудагы суу түтүк жана канализация тармактарынын, курулмалардын (суутосмолор жана тазалоочу курулмалар) гео-базасын (электрондук базасын) түзүү үчүн "ГИС Сууканал" геомаалыматтык система интеграцияланууда.

Белгилей кетсек, бардык муниципалдык ишканаларда видео байкоо системасы орнотулган, ал вице-мэр М.Амантуровдун  кабинеттинен ар бир унаанын линияга чыгышын  байкап турууга мүмкүндүк берет.

"Тазалык" өндүрүштүк иштерди эсепке алуунун электрондук тутуму пилоттук режимде иштөөдө.

GPS-трекерлер атайын жабдыктарга орнотулган, вице-мэр ким жана кайда иштээрин так билет.

Бишкек-сүйүктүү санариптик шаарыбыз!