Бул окуу жылы балдар жана ата-энелер үчүн өзгөчө болду. Пандемияга байланыштуу окуучулар аралыктан окушуп, сынак тапшырып, окуу жайларга да дистанттык түрдө тапшырышат.

Ал эми борбордук мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо онлайн режиминде өттү. Окуучулар мугалимдер жана классташтары менен видеоконференция аркылуу бүтүрүүчү кечелерин үйлөрүндө белгилешип, куттуктоо видеолорду жана челлендерди тартышкан. 

Видео:https://www.youtube.com/watch?v=qGP13eSIUrk&t=1s

https://www.youtube.com/watch?v=imvTyF0bEUA&t=2s

https://www.youtube.com/watch?v=o2lHiNZ2Wuk

https://www.youtube.com/watch?v=agCtPrfigxI&t=531s

Белгилей кетсек, быйылкы жылы Бишкекте 6 миң 592 бүтүрүүчү мектепти аякиап, 13 миң 310 өспүрүм 9 классты бүтүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жаш бишкектиктерди мектепти аяктаташы менен куттуктайт! Биз сиздерге алдыдагы сынактарга ийгилик каалайбыз! Алдыда сиздер үчүн кең мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылат. Эркин тандоо жасап. Билим алыңыз, иштеңиз, түзүңүз жана утуңуз!
Санитардык нормалар, ден соолук баарынан кымбат экенин унутпаңыздар! Суранабыз, озүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-Балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз!